Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:25

13:00 Жалалабат: Оппозициянын митинг уюштуруу аракети саясий авантюра катары сынга алынууда


Бир катар саясий партиялар жана коомдук бирикмелер коомдук-саясий туруксуздукту 5-6 саясатчы менен жеке амбициялуу -трайбалисттик күчтөр жаратып жатат деп сынга алышып, алардын артынан ээрчибей, өлкөнү ынтымак жана биримдик, эмгек аркылуу өнүктүрүүгө чакырык жасашты. Алардын айтымында, оппозициянын максаты Кыргызстанды өнүктүрүүгө умтулган бийликти кулатып, акаевдик бийликти кайра алып келүү. Алардын демагогиялык-ультиматумдуу саясаты өлкөдө жарандык кагылышууну пайда кылып, миң жылдап келген эгемендик колдон чыгышы ыктымал. Мындай кайрылуу облустагы беш партия менен эки коомдук бирикме, беш район, бир шаардын өкүлдөрүнүн атынан таркатылды. (YA)

XS
SM
MD
LG