Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:06

15:00 Бийлик менен оппозиция : тил табышууга аракет болуп жатат


Президенттин пресс-катчысы Нурлан Шакиевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, бүгүн эртең менен болгон жолугушууда тараптар талаш туудурган принципиалдуу маселелер боюнча талкууну улантуу үчүн жумушчу топ түзүшкөн. Алардын курамында президент тараптан мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, президенттик администрация башчысы Мыктыбек Абдылдаев жана укук бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпуев, оппозициядан депутаттар Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев бар. Учурда тараптар Конституциялык реформага байланышкан маселени талкуулап жатышат. (BuS)

XS
SM
MD
LG