Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев Борис Березовскийдин Кыргызстанга келгендигин тастыктоочу документ сурап Россиянын башкы прокурору Юрий Чайкага кат жолдойт. Баш прокурордун айтымында, Орусиянын Баш прокуратурасы жолдогон катта мындай далил көрсөтүлгөн эмес. Жогорку Кеңештин төрага орун басары Тайырбек Сарпашевдин өтүнүчүнө берген жообунда Россия Баш прокуратурасы Борис Березовскийдин Кыргызстанга келип кеткендигин маалымдалган болчу. (BuS)