Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

ПРЕЗИДЕНТ К.БАКИЕВ ЭРТЕҢ ЭЛГЕ ЧЫГА АЛАБЫ?


"Лица" гезитине берген маегинде кыргыз президентине караштуу адам укугу боюнча комиссия төрагасы Турсунбек Акун: "Мен Бакиевдин Башмыйзамды президент болуп шайлангандан соң он күндүн ичинде реформалайм деп айтканын билген эмес экем. Конституцияны дароо реформалоо керек эле. Ошенткенде бүгүнкүдөй кырдаал болмок эмес. Биз саясатта да көп ката кетирдик. Бийликке булганбаган, таза, өз өлкөсүнө чындап күйгөн жаштарды тартыш керек болчу",-дейт.

- Эгер Акаев 24-мартта элдин алдына чыгып койгондо президент бойдон кала берет беле?- деген суроого ал:"Сөзсүз. Эгер ал ошондо элдин алдына чыгып, шайлоонунун жер-жердеги жыйынтыктарын жокко чыгардым дегенде эле эл колуна көтөрүп кетмек" деп жооп берген.

- Ал эми К.Бакиев эртең эл алдына чыга алабы? Эгер талап кылса өз ыктыяры менен президенттиктен кете алабы?

- "Негизи эртең эл алдына Бакиев чыгыш керек. Митингке чыккан адамдар да анын шайлоочулары. Эл деген эстүү болорун президент ойлошу керек. Эл ар качан кечирие билет. Бирок кечиргенге чейин катыра тилдеп алат. Буга чыдаш керек. Ошон үчүн бизди эл башкаргандар деп коюшат",-дейт Турсунбек Акун.

Ушул эле гезит «БАКсизмы» деген теманын алдында президент К.Бакиевдин күрсүгө олтургандан бүгүнкү күнгө чейин айткандарынан айрым бир үзүндүлөрдү баскан. Маселен Бакиев минтет:

«24-марттан кийин жооптуу кызматтарга келишкен менин бардык туугандарым өз ыктыярлары менен кызматтарынан баш тартып кете беришти. 24-апрель, 2005-жыл.»

«Максим мектепте окуп жүргөндө эле, стдуент кезинде эле бизнес кылып жүрчү. Мен президент болгондон кийин ага мындай дедим: «Уулум эми мунуңду токтот.» Ал мени туура түшүндү. Кыргызстандагы бизнесин жапты.Эми ал бизнесин Казакстанда жасайбы, Россияда жасайбы, чет өлкөдө жасайбы, жасай берсин. Эмне үчүн мен баламдын бизнесине бут тосушум керек.5-сентябрь, 2006-жыл.»

«Биз кландык-коррупциялык системаны уратышыбыз керек» деген теманын алдындагы баарлашуусунда депутат Өмүрбек Текебаев гезиттин:-Болуптур эртең президент кызматынан кетти дейли, анан эмне болот?-деген суроосуна:"Менимче ал кетпейт. Окуя деле андай деңгээлге дейре жетпейт. Кокус өз эрки менен кеткен күндө да бул деген саясый кризиске кептейт.Бирок Бакиев буга жеткирбей эле өзү кетип калса алда канча жакшы болмок. Эгер ушундай болуп калса Башмыйзмга ылайык өлкөнү убактылуу премьер-министр башкарып калат".

-Андан кийинчи?

-"Андан кийин Конституциялык реформа болот",-деп жооп берет.

«Энесай» гезитинде тарыхчы жана журналист, Кыргыз-славян университетинин профессору Александр Князев «Парламенттик Республика Кыргызстан үчүн өлүмгө барабар» деген маегинде, бийлик Конституциялык реформага барышы керек, оппозиционерлер менен сүйлөшүшү керек, дагы бир ийгиликтүү жүрүш жасаса болот, кресло менен портфелди көгөзсө эле жантыгынан жата калма улуттук оору бар, ушул багытта да айрым бир кадрдык өзгөрүүлөрдү жазаса болот. Анткени оппозициядагыларды азыркы кызматтары такыр эле алымсындырбай турат. Бийлик аларга кызмат сунуштап көрсүнчү, баш тарта алышар бекен? Бийликтин бүгүнкү милдети- өлкөдөгү чыңалган жагдайдын илебин кайтарыш. Ал эми антиш үчүн мына ушул мен айткан ыкмалар колдонулууга тийиш»,-дейт.

Кыргызстандын тышкы иштер минстри Аликбек Жекшенкулов:-Мен өлкөбүздү HIPCе ачыктан-ачык айдактап аткан адамдарга адегенде бул программага кирген өлкөлөргө барып келүүлөрүн өтүнөт элем. НIPCе ал өлкөлөр жыртыгын бүтөш үчүн эмес, бири согуштан, бири СПИДден кырылып каларда кирген. Буга кирген өлкөлөрдүн басымдуу бөлүгү сабатсыз. А биздечи? Адамдарыбыз илим-билимдүү. Анда көрө бардыгыбы: саясатчылар, илимпоздор, экономисттер, саясый партия жана жарандык коом өкүлдөрү маңдай-тескей олтуруп, тышкы карыздан кантип кутулуунун жолун ойлонууга учур жетти,-дейт гезит кабарчысына курган аңгемесинде.

Ушул эле гезит, «илгери Масалиевге каршы чыккандар бүгүн Бакиевге каршы чыгышууда, ушу кезде 35 миң адамдын 8 миң добушун алып депутат болушат, анан сүйлөсө эле Американы сүйлөшөт, бирок деңгээли Африкадан да төмөн» деп жазды.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG