Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

ОРУСИЯДА ИЧИМДИК ӨНДҮРҮҮ КАЙРАДАН МАМЛЕКЕТТИН КОЛУНА ӨТӨБҮ?


Мурунку аптанын этегиндеги бир нече күндүн ичинде Орусияда жасама алкоголдон уулангандар эсеби миң кишиден арткан. Өлгөндөрдүн саны жүздөн ашкан. Массалуу түрдө уулануу 10дон ашуун аймакта болгон. Абдан оор абал Перм крайында, Амур, Белгород, Волгоград, Иркут жана Псков областтарында дешет. Ишембиде Екатеринбург менен Саратовдо да ондон ашуун кыштактан ичимдиктен уулануу катталган. Ошол себептен кайсы бир аймактарда чукулку кырдаалдар киргизилген. Анализчилер болжолунда мунун артында арак-шарап өнөр жайын мамлекеттештирүү турат.

Ар кайсы булактар дайын кылганга караганда, Орусияда кийинки айда миңдей киши жасама ичимдиктен ууланышкан жана алардын жүздөйү каза болушкан. Ошол себептен Иркут, Псков обулустары жана Перм крайында чукул кырдаалдар киргизилген.

Мисалдарга келсек, маселен, Газета басылмасы жазганга караганда Челябин облусунан кийинки айдын ичинде 1200 киши ууланып алтымышы кайтыш болгон. Кийинки эле үч күн ичинде Иркут обулусунан 800, Кировдон – 247, Перм крайынан – 210 киши ооруканага түшкөн. Владимир, Саратовдон – 140 киши түшүп кырктай киши өлгөн.
Мындай, кулачын жайып барткан уулануну, башкы санитардык доктур Геннадий Онищенко: «өлкөнүн 12 субъектисинде жасалып аткан бул актылар ичимдик соодасын тартипке салуу багытында өкүмөт көргөнү аткан чарага каршы карасанатайлык менен жасалып атат», - деп айыпты кайдагы бир кылмыштуу чөйрөгө такты.

Алдыңкы шаршембиде (25-октябде – ММ) президент Путин болсо чет элдик ичимдиктер базарды каптап кеткендиктен эми (орусиялык – ММ) арактын накта экенин билдирүүчү кагаздар чаптала тургандыгын айткан: «Биздин ичимдик базарыбыздагы аябагандай оор маселе – сапаты начар жасама продукциянын кысым көрсөтүүсү болуп атат», - деген.

Анализчилер айтымында аракты (ошол, белги кагаздарды чаптагыча – ММ) сатуудан алып салганда жарандар колуна урунган кишини мас кылганга жарагыдай суюктуктарды ичүү башталган. Уулануу ошондон улам болуп атат. Дагы бирөөлөр: «Орусиялык өкүмөттүн алкоголго каршы ачкан согушу ушундай жагдайды жаратты», - дешет.

Шейшембиде болсо өлкөдө аракты мамлекеттин колуна өткөрүү керектигин өйдөкү жана ылдыйкы палаталар төрагалары бир ооздон айтып чыгышты. Мамдума башчысы Борис Грызлов ИТАР-ТАССка айткан пикиринде, бул маселе Мамдумада талкууга алынып андан өткөн.

Ырасмий булактар маалыматында 2005 – жылы жасалма ичимдик ичип ууланып өлгөндөр эсеби 30 миңге жеткен. Ал эми үстүдө жылдын тогуз айында андан өлгөндөр 17 миңге жеткен.

Анализчилер болсо бийлик ичимдик өнөржайын өзү башкарганда деле улуттун көндүм адаты жамы масчылыктан арылуу оңой эмес дешет. Баарыдан мурда калкты аш ичүү маданиятына үйрөтүү жок дешет.

Улуттук ичимдиктер бирикмесинин жетекчилеринин бири Вячеслав Албу айтканга караганда, калк арзан арактан каңтарылды дегиче элде колодо тартылган арак кайнатуу күчөйт.

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG