Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:15

КАРЫШКЫРЛАР КАЛККА МИЛЛИОНДОГОН СОМ ЗЫЯН АЛЫП КЕЛДИ


Расмий алынган маалымат боюнча Нарын облусунда 2004-жылдын күз мезгилинен бери, же эки жыл аралыгында 3916 баш жылкы, 3790 баш ири мүйүздүү мал жана 8081 баш кой-эчки карышкырларга жем болгон. Орточо баада алганда теңиртоолуктар 170,3 млн. сомго зыян тартышкан. Ал эми өкмөт быйыл болгону 23 карышкыр, 2 бөлтүрүк жана бир чөө үчүн гана акча төлөп, калган өткөрүлгөн терилерге акча чечилбегендиктен элде карышкыр алуу басаңдаган. Натыйжада учурда карышкырлардын малга кол салуулары кайрадан кескин көбөйүүдө.

Нарын шаарынын тургуну Бактыбек Чакиев кичи мекени Атбашыга барып, үч күндө 4 жылкы карышкырга жем болгондугун каңырыгы түтөп кеп кылат:

- Атбашы районунун Акталаа айылына жылкыларды көрөйүн деп барсам, сарайдагы балдар айтты, үч күндөн бери 3 кулун, 1 кунан байталды карышкыр жеп кетти деп. Аларды тоодон эмес, автобус каттаган чоң кара жолдун үстүнөн жептир.

Бактыбек Чакиевдин айтканын ар бир айылдагы көрүнүш десек болчудай. Облустук ички иштер башкармасынын акиминин орунбасары Макабат Жумаевдин айтымында, облус боюнча карышкырдын кол салуусунан 3916 баш жылкы, 3790 баш ири мүйүздү мал, 8081 кой-эчки кырылган.

Бул малдар 2004-жылдын күз мезгилинен берки карышкырга жем болгон расмий сан. Орточо баа менен алганда бул 170,3 млн. сомдук жоготуу дегендик. Ал эми коомдук пикирде эсепке кирбеген мал саны дагы эки эсе көптүк кылат.

Облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун бирлигинин төрагасы Дүйшө уулу Черикчи өткөргөн терилери үчүн наркын ала албай жаткандыгын белгилейт:

- Атылган карышкырлардын терилерин өткөргөндөр болгон. Азыркы күнгө чейин эсептеше албай жүрөбүз, - деген Дүйшө уулу Черикчиге Ысыккөл, Нарын аймактык аңчылык ресурстар башкармалыгынын ага мергенчиси Малик Курманбаев кошулат:

- Акчасын төлөп бере албагандыктан кайра кетирип атабыз. Элдин кызыкчылыгы болбой, кийинки убакта карышкыр атуу пасаңдап кетти, - деди Малик Курманбаев. Анын айтымында, быйыл тогуз айда башкармалык 23 карышкыр, 2 бөлтүрүк жана бир чөө үчүн гана акча төлөнгөн.

Карышкырлардын санын азайтууга облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун мүмкүнчүлүгү бар экен, бирок акчалары тартыш:

- Каражат бөлүнсө күчтүүрөк болот элек. Техникаларыбыз, мылтыгыбыз бар. Ок-дары, унааларга куйуучу май жана башка керетүү нерселерди сатып алууга каражатыбыз жок, - дейт коомдун төрагасы Дүйшө уулу Черикчи.

XS
SM
MD
LG