Иш-чаранын алкагында түрдүү ийримдер уюштурулат. Мисалы каллиграфия сабагы боюнча устаттык сабак өткөрүлүп, гүлдөрдөн икебана жасоо ыкмалары көрсөтүлөт. Ошондой эле фестивалдын коноктору жапондордун улуттук кийими кимонону кийип көрүү менен бирге “го” деп аталган жапон шахматын ойногонго да мүмкүнчүлүк алышат.Мындан сырткары фестивалдын коноктору жапондордун улуттук тамак-аштарынан даам сызышып, көркөм тасмаларын көрүшүп, жапон ырларына күбө болушат.
Фестивалда ошондой эле балдар үчүн да атайын оюндар уюштурулуп, кыргыз-жапон борборунун кызматкерлери, борбордогу маданий ийримдерге катышкан улан-кыздар жана Жапониядан келген ыктыярчылар кичинекей бөбөктөрдү түрдүү оюнчуктарды жасаганга үйрөтүшөт.
Мындан сырткары жапон ырларына сынак жарыяланып, күжүрмөн катышуучуларга сыйлыктар тапшырылат. Мына ушундай иш-чараларды камтыган бул фестиваль Бишкекте жылына эки жолу өткөрүлөт. Тактап айтканда жазында “Жазгы жалбырактар фестивалы” ал эми күзүндө “Күзгү жалбырактар” фестивалы уюштурулат. Кыргы-Жапон борборунун жетекчиси Митихиро Хамано бул иш-чара тууралуу мындай деди.
-Биз бул фестивалды Кыргызстанда бешинчи жолу өткөрүп жатабыз. Акыркы жолу июнь айында өзүбүздүн борбордо өткөргөнбүз. Ошондо мен фестивалдын конокторунун кызыгуусу жакшы экенин байкадым. Бул иш-чара эки элдин жакындашуусуна шарт түзөт деп ойлойм. Андыктан кыргыз-жапон борборундагы ийримдерге катышууну каалагандар үчүн эшигибиз дайыма ачык деп айтаар элем.
Ал эми Г.Айтиев атындагы сүрөт музейинин жетекчиси Майрам Юсупова өз сөзүндө бул фестивалдын тарбиялык мааниси чоң экендигин белгиледи.
Кыргыз-Жапон борбору мындай фестивалдарды балдар жана карылар үйлөрүндө да өткөрүшөт. Мисалы буга чейин балдар үйүнө, майыптар окуган мектептерге, карылар үйлөрүнө барып, фестивалдарды өткөрүп, аларды жапон маданият менен тааныштырып, жардамдарын берип келишкен. Аталган борбор ошондой эле жакында эле Нарын жергесинде Жапониянын маданият күндөрүн өткөрүп келишти. Ал эми алдыда Бишкектин мектептеринде фестивалдарды өткөрүүнү ниет кылышууда. Ал эми келерки жылы Талас өрөөнүнө сапар алышат.
Айжан Шаботоева, Бишкек