Буга чейин ички иштер министринин милдетин аткаруучу Осмонали Гуроновдун жашыруун буйругуна ылайык Ош облусунун жана Ош шаарынын күзөт кызматтарынан 105 кызматкер Бишкек шаарына убактылуу которулгандыгын маалымат каражаттары жазышкан. Маалыматтарда ушул эле тапшырмага ылайык Ош шаардык милициясынын атайын багыттагы отряды да борборго келери белгиленген. Ички иштер министрлиги бул маалыматтарды төгүнгө чыгарды.(BuS)