Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

21:00 Бишкекте эки адам атып өлтүрүлдү


Шаардык милициянын маалыматына караганда, атышуу бүгүн кечки саат 7ден 40 минута өткөндө Медеров жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги май куйуучу жайда болгон. Бул жерге токтогон «Мерседес» унаасындагы эки адамга артынан катуу келген автоунаадан түшкөн бети чүмбөттөлгөн белгисиз эки киши «Калашников» автоматынан ок чыгарган. Атылган октон дароо жан берген эки адамдын бири кылмыш дүйнөсүндө Боха Казарманский деген ат менен белгилүү Болот Самсалиев экени, экинчиси да кылмыш чөйрөсүндө Шрам деген ат менен таанымал Алмаз аттуу жигит экени белгилүү болду. Милициянын оперативдүү тергөө тобу учурда иликтөө иштерин жүргүзүүдө. (SM)

XS
SM
MD
LG