«Реформа үчүн» кыймылынын мүчөсү Темир Сариевдин айтымында, эгер президент катары мындай кадамга барса Курманбек Бакиев борбордук аянтта кан төккөн адам катары жооп берет. Сариев ошондой эле премьер-министр катары Аксы окуясы үчүн да жооп берүү милдети да Бакиевдин мойнунда турат деп баса белгиледи. (BuS)