БИШКЕК. 2-ноябрь күнү “Дордой” базарындагы контейнерлердин 50 пайыздан ашыгы ачылган жок деп ырасташты аталган базарда ишке чыккандар. Айрыкча кыргыздан башка улут өкүлдөрү соода кылгандан чочулашкандыгы байкалат. Кардарлар да бүгүн кескин азайып кеткендигин белгилешүүдө. Ошондой эле Бишкектеги “Гоинг”, “Силкувей”, “Бета сторес” ж.б. көптөгөн дүкөндөр эшигин кардарларга ачканы жок. Мунун баары борбордук аянтта уюштурула турган митинге байланыштуу. (KKu)