"Реформа үчүн" кыймылдын мүчөсү, депутат Темир Сариевдин митингде сүйлөгөн сөзү:
- Урматтуу жолдоштор, урматтуу туугандар, урматтуу кыргыз эли! Биз эки жолу мүмкүнчүлүк бердик бийликке, 29-апрелде, 27-майда чыгып биз айттык - Бакиев-Кулов бийликке келдиңер, эл күткөн реформаны өткөргүлө, дедик, убакыт да бердик. Кечээ күнү сүйлөшкөнбүз Бакиев менен, бардыгы макулдашылган. Жогорку Кеңеш эки жолу колдоп чыккан былтыр бардык саясий күчтөр, бейөкмөт уюмдары, депутаттар катышкан Конституциялык кеңешме иштеп чыккан Конституциянын долбоорун биз кечээ күнү даярдап, Бакиев менен макулдашылган болчу, бүгүн киргизем деген. Бүгүн келип ал бизди алдады, "бүгүн киргизбейм, мен башка күнү киргизем", дейт. Ошон үчүн биз бүгүн жаңы Кыргызстандын жаңы Конституциясын алышыбыз керек, ал даяр. 34 депутат кол койду, дагы төртөө койсо 38 болот. Биз Кыргызстанда ачык-айкын, таза, бир үй-бүлөнүн эмес, эл бийлигин орнотушубуз керек. Азыр Бакиев парламентте отурат. Бакиевди колдогон депутаттар менен сүйлөшүп атат. Бакиевдин бүгүн урматы кетти. Мен бүгүн айттым, отурганда эле ээрге кыйшык отурдунуз, элди коркутпа, элге күч колдоном деп булчунуңду көргөзбө, дедик. Анткени ал ошол бийликти силерден, бизден алган. Эми бүгүн ал алып алып айтат - мен силерге күч көргөзөм, колуңарды сындырам, деп. Биз эч нерседен коркпойбуз. Жашасын Кыргызстан! Жашасын жаңы Конституция. Бакиев кетсин! Тандем кетсин! Ура!