Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:06

19:50 Мамлекеттик катчы менен премьер-министр түз эфирге чыгат


Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынын кабары боюнча, кыргыз мамлекеттик телеканалы аркылуу Бишкек убактысы боюнча саат сегизде мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров менен Феликс Кулов түз эфирге чыгаары күтүлүүдө. Ушул эле учурда Жогорку Кеңештин депутаттары Азимбек Бекназаров, Каныбек Иманалиев, Султан Урманаев, Замир Эсенаманов, Осмонжан Артыкбаев түз эфир сурап кайрылуу максатында Алатоо аянтынан КТРге чейин жөө барышты. Аларды коштоп жүз чамалаш колдоочулар бараткандыгы маалымдалды. Азырынча сүйлөшүүнүн жыйынтыгы чыга элек.

XS
SM
MD
LG