Мындай чечим бүгүн кечке жуук өкмөттө өткөн чукул жыйында кабыл алынды. Өкмөттүн маалымат катчысы Азамат Калмандын айтымында, үн тасманы премьер министр Феликс Куловго президенттин күзөт кызматынын башчысы берген. Буга чейин оппозиция Куловду оппозицияга тыңшоо жүргүзүп, жарандардын Конституциялык укугун бузду деп сындаган.