Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

ЭЛЕСИ ЭСТЕ, ЫРЛАРЫ ЭЛДЕ


Кыргыз Улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын концерттик чоң залында белгилүү ырчы, обончу, диктор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жолдубай Кайыповдун туулган күнүнүн 60 жылдык юбилейине арналган эскерүү кечеси болуп өттү. Азыр кабарчыбыз Балбай Алагушовдун обончу, ырчы, жогорку категориядагы диктор Кайыповдун чыгармачылыгына, жаркын элесине арналган эскерүү музыкалык берүүсүн угуңуздар.

Жолдубайдын ысымы айтылганда, мукамдуу тенор үндү укканымда күлгүндөй 37 жаш курагында баш кесер мыкаачылардын колунан каза тапкан, орто бойлуу, терең ойлуу, бакыраң көздүү, сеңселген кара чачтуу, ар дайым музыка, сөз дүйнөсүндө, таң-тамаша менен жашаган, жаадырап жайнап жүргөн Жокемди элестейм.

Ал төрт аягы төп келген “үстүнө суу койсо төгүлбөгөн жорго” дегендей ар тараптуу, көп жактуу шыкка бай көрүнүктүү инсан эле. Маркумдун кайталангыс жаркын шыгы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын босогосун аттаган күндөн байчечекейдей бажырая ачылат. Дүйнөлүк ысымдагы композиторлор П.Чайковскийдин, А.Шумандын, А.Доргамышскийдин операларындагы арияларды, романстарды ырдайт. Жолдубай атактуу композитордун чыгармаларынын казанында кайноо менен бирге өзүнчө бир Теңиртоонун аваздык боёкторуна сугарылган жана шөкөттөлгөн өзгөчө назиктеги, ыргактардагы ондогон обондорду чыгарган. Кезек Жолдубайдын 60 жылдан бери ар кыл курактагы ырчылардын ооздорунан түшүрүшпөй ырдап келе жаткан “Энем менен атам” аттуу ыры өзүнүн аткаруусунда.

1984-жылдын 29-марты. Бул түнү жоодураган Жолдубайдын үй-бүлөсүнүн эле эмес, жүздөгөн кыргыз угармандарынын да, көгүлтүр экрандын көрүүчүлөрүн да кайгынын кара туманы каптайт. Ошол кайгылуу кара күндү, ошол түндү Жолдубайдын өмүрлүк жары Жумабүбү мууну бошоп мындай эскерет:

- 1984-жылдын 29-мартында Жолдубай менен кечки саат сегизде үйгө качан келесиң деп сүйлөштүм. Ал айтты, саат тогуз жарымда жаңылыктарды окуп коюп, балдарды цирктен алып үйгө барам. Сен мени үйдөн күтө бер – деп, күндөгүдөй эле тамак жасап күтүп отурам. Ана жок, мына жок. Саат эки болду, үч болду. Жолдубай жок. Эртең менен саат алтыда туруп алып Жолдубай менен ошол күнү жаңылыктарды окуган Светлана деген келиндин үйүнө бардым. Андан Жолдубай качан кетти эле, өмүрүндө башка жакка калып калган күнү болгон жок эле. Эмне болду – десем, Светлана: - жаңылыктарды окуп бүткөндөн кийин Жолдубай тамашаларды, анекдотторду айтып баарыбызды күлдүрүп отуруп: - Ой балдарыма кечиктим – деп шашып кетти эле – деди. Светлана экөөбүз үйүнөн чыгып алып милицияга телефон чалсак, Жолдубайдын киши колдуу болуп каза болгонун айтты. Эмне кыларымды билбей эсим ооду.

Маркум Жолдубай өзүнүн ырларын ырдоо менен бирге композиторлордун, обончулардын да ар кандай темадагы ырларын да өзгөчө изденгендик, бөтөнчө аваздык мукамдуулукта, оркестрдин ж.б. музыкалык аспаптардын, жамааттардын коштоосунда ырдар эле.

Жолдубай 1975-84-жылдары Кыргыз мамлекеттик телерадио комитетинде жогорку категориядагы диктор болуп иштейт. Маркумдун дикторлук чеберчилиги, адамкерчилиги жөнүндө кесиптеши, республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Тамара Жумакаева мындай дейт:

- Дикторлук талантты да табыйгат өзү берет экен. Менин оюмча көгүлтүр экрандын көркү деген атка конгон Жолдубай Кайыпов эле. Ал табыйгатынан таланттуу жигит болчу. Үнү болсо жанга жагымдуу, өткөрө мукамдуу, ички дүйнөсү менен сырткы келбети шайкеш келген көгүлтүр экрандын көркү, эң сонун диктор , чебер алып баруучу эле. Ал ар дайым эмгектенип такай изденүүнүн жолунда болуучу. Бизге 1975-жылы келди. Жолдубай ошол кезде искусство институтунун жаңы эле бүтүрүптүр. “Музыкалык жолугушуу” деген берүүгө “Таңкы поезд” деген ырды жазыптыр. Ошол ырын ырдап жатканда Жолдубайдын көзү балбылдап не бир укмуш көрүндү. Ошол кезде Жолдубай театрда иштеп жүрчү. Мен ага айттым телеге диктор болуп кел. Көгүлтүр экрандын көркү да, өзүңдүн да көркүң ачылат. Элге тааныласың. Өзүңдүн эмгегиңди көрсөтө аласың десем өтүнүчүмдү аткарды. Жолдубай жаңыдан дикторлук кызматка келгенде балдардын берүүлөрүнөн тартып жаңылыктарды ж.б. берүүлөрдүн баарысын алып барып жүрдү. Кийин болсо Жолдубайдын чеберчилиги артып “Тогуз кайрык”, “Сайра комуз”, “Ыр кесе” аттуу музыкалык чоң берүүлөрдү алып бара баштады. Кала берсе ал район, областтарга, шаарларга барып чоң берүүлөрдү да даярдап жүрдү. Жолдубайды элдин баары жактырчу. Дикторлордон биринчи жолу “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген ардактуу наам алган эле. Ошону менен бирге ал Москвада өткөн он күндүккө катышып Борбордук партия комитетинин жардамы менен дикторлордун ичинен биринчи жолу борбордун дал ортосунан төрт бөлмөлүү үй алды. Өзү да турмушка эпчил, тууганчыл, үй-бүлөөгө да ушунчалык мээримдүү, сонун ата эле. Жолдубай кыйналып жүрүп “Жигули” сатып алды. Бир күнү мага чуркап келди да “Эже “Жигулимди” көрсөңүз. Мен сизди үйүңүзгө жеткирип коёюн – деди. Түшсөм машинаны айдай албайт экен. Жолдубай мен түшпөй эле коёюн төрт балам бар. Мен да жашагым келет. Кичине үйрөнчү, анан кийин түшөйүн дедим. Муну менен мен эмнени айткым келет. Жолдубай барыбызга ушунчалык жакшы мамиле кылган мыкты инсан эле.

Маркум Жолдубайдын карачечекей иниси Малдыбай тогуз бир туугандын улуусу Жолдубай экенин, анын аркасы менен бардыгы билим алып, азыркы күндө өчөр-бачарлуу болгонун сыймыктануу менен айтып келип, маркумдун адамдык агалык сапаты жөнүндө:

- Агамдын адам катары жакшы сапаттары көп эле. Өзү улуу болгондон кийин жоопкерчиликти сезип, бизге үлгү көрсөттү, биз агабыз Жолдубайды көрүп өстүк. Эгерде агабыз колхозчу, тракторист болсо мен да балким окубай арак ичип турмушум арабөк болуп калат беле. Жолдубай улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле, иниге инидей, карындашына карындаштай мамиле жасоочу эле, - дейт Малдыбай.

Маркум Жолдубай “балам бактым” деп үч баласынын үстүнө үйрүлө түшүп, аларга “Алгачкы кадам” аттуу ырын арнаптыр. Азыркы күндө Жолдубайдын бул ырын тогуз небереси кумарлана угушуп, сыймыктанышат. Атаганат, бүгүнкү күндө Жолдубай тирүү болгондо ата-энесинин, бир туугандарынын тогуз небересинин кашында торколуу 60 жылдык тоюн тозгондо өзүн дүйнөдөгү эң бир бактылуу адам катары эсептемек дейсиң. Көрсө, таш боор ажал күтүлбөгөн кырсык каалаган мезгилде алып кете берет тура. О, чиркин тагдыр, тагдыр.

Балбай Алагушов, Бишкек
XS
SM
MD
LG