Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Аптанын шейшембисинде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу жана белгилүү диктор Жолдубай Кайыповду эскерүү кечеси болду. Коомчулуктун катышуусу менен өткөн бул иш-чарада алгач маркумдун чыгармачылык өмүр жолун чагылдырган видеотасма көрсөтүлдү. Кечени алып барган дикторлордун бири Бактыбек Мамытов бул күн дикторлор үчүн чоң майрам экенин белгиледи.

Кечеде маркумдун жакындары, кесиптештери, замандаштары сөз сүйлөшүп, эскеришти. Маданият министри Султан Раев баарыбыз Жолдубай Кайыповдун ырлары менен чоңойгонбуз деп буларды кошумчалады. Ал эми улуттук телерадиокомпаниянын башкы директору Кыяс Молдокасымов учурда Жолдубайдай дикторлорго телекомпаниялар муктаж болуп турганын айтып, Жолдубай атындагы сыйлыкты уюштурууну ниет кылып жатышкандыктарын айтты.

Бул эскерүү кече Жолдубай Кайыповдун обондорунан түзүлгөн концерттик программа менен коштолду.

Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт өнөр музейиндеги көркөм сүрөт, графика, айкелчилик, кол өнөрчүлүк бөлүмүнөн тандалып алынган эң мыкты деген эмгектер киргизилген “Алтын казына” китеп альбому жарык көрдү. Аталган музейдин 70 жылдык мааракесине карата чыгарылган бул эмгек Түркиянын мамлекеттик басмаканасынан 1200 нускада чыккан. Жалпысынан 418 чыгарма киргизилип кыргыз, орус жана англис тилдеринде чыгарылган бул эмгектин бет ачар аземи Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт өнөр музейинде шейшемби күнү болду. Ага маданият министрлигинин, элчиликтердин өкүлдөрү катышты. Кеченин алкагында китеп альбомду чыгарууга көмөк көрсөткөндөргө альбом белекке берилип, дипломдор тапшырылды.

2-ноябрда маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди. Ага арналган салтанаттуу иш-чара А.Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында өттү. Бул кечеге республиканын баардык аймактарынан өкүлдөр келишти. Аларды кесиптик майрамы менен президенттин атынан мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров куттуктап, 2007-жылдын январь айынан тартып маданият кызматкерлерин айлык акысы элүү пайызга жогорулаарын билдирди.
Иш-чарада президенттин жарлыгы менен эмгеги сиңген бир катар маданий ишмерлерге жогорку мамлекеттик сыйлыктар, ардактуу наамдар ыйгарылды. Ал сыйлыктарды мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров тапшырды. Салтанат өнөр чеберлеринин майрамдык концерти менен коштолду.

Бул жумада ошондой эле ырчы-куудулдардын жеке концерттери өттү. Атай кетсек 1-2-ноябрда белгилүү төкмө акын Жеңишбек Токтобеков чыгармачылык кечесин өткөрдү. Аны менен катар Кожомкул атындагы спорт ордосунда куудул, ырчы Кубик Калыков “Кубиктин махабаты” атуу театралдаштырылган шоу тамашасын тартуулады. Ал эми 3-ноябрда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абыловдун “Күмөндөрдүн күлкүсү” аттуу тамаша кечеси башталды. Белгилүү ырчы, куудулдардын катышуусунда өтүп жаткан бул концерт 8-ноябрда жыйынтыкталат.

Жаш кинорежиссер Марат Алыкулов тарткан “Чек ара” тасмасы “Дүшөмбү Дидор 2006” аттуу эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун атайын байгесине таттыктуу болду. Ал эми Астанадагы төртүнчү “Дельфийлик жаштар оюнунун” алтын медалын Кыргызстандан барган элдик “Шаттык” үлгүлүү бий ансамбли жеңип келди. Орусия, Грузия, Армения, Азербайжан жана башка бир катар өлкөлөрдүн таланттуу балдары катышкан бул фестивалда “Шаттык” үлгүлүү бий ансамбли "Манастын балдары жана Ала-Тоодогу майрам" аттуу эки бөлүктөн турган программасы менен элдик бий номинациясы боюнча биринчи орунга ээ болушуп, 21 алтын медаль менен кайтып келишти.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG