Британиялык актер Саша Барон жараткан казак репортеру тууралуу “Борат” аттуу тамашалуу тасмасы Американын эң кирешелүү тасмасы болду. Америкада “Борат” тасмасы көргөзүлүп баштагандан тартып бир жумада эле 26,5 миллион долларды тапты. Маалыматка ылайык, “Борат” тасмасы Манхэттенде чоң ийгиликке жетишти.