Бүгүн эртең менен парламенттин кеңешмесине президенттин ырасмий өкүлү Алымбай Султанов президент сунуштап аткан Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу мыйзам долбоорун алып келди. Президенттин өкүлү аны спикер Марат Султановго ырасмий тапшырды. Депутат Азимбек Бекназаров бул долбоор мыйзам боюнча үч айдан кийин жана алты айдан кем эмес убакытта каралышы керек деп түшүндүрмө киргизди. Андан кийин спикер Марат Султанов бул долбоорду карап баштоону сунуштап, комиттерде иштөөгө тарап кетишти. Спикердин айтымында, эгер бул долбоор купулга толбосо, мыйзамга ылайык 38 депутат өз долбоорун алып чыга алышат. (ChO)
10:00 К. Бакиев Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдолбоорун парламентке сунуштады