Президент атайын саясий кризисти тереңдетип, парламентти таркаткысы келип атат. Парламент депутаты Азимбек Бекназаров ушундай деп билдирди журналисттерге. Депутаттын пикиринде, президент Курманбек Бакиев Конституциянын жаңы долбоорун сунуштайм деген убадасына турган жок. “Парламентти таркаткандан кийин Аскар Акаевдин тушунда төрт референдум аркылуу өзгөрүп келген Башмыйзамды дагы бир референдум аркылуу кабыл алдыргысы келип атат” деди Азимбек Бекназаров.(ChO)