Бул тууралуу “Азаттыкка” мамлекеттик телерадиокомпаниянын башкы деректири Кыяс Молдокасымов билдирди. Анын айтымында, ар бир жарым сааттан эки жолу бийликтин жана оппозициянын өкүлдөрүнө убакыт берилет. Азырынча талкууга ким катышаары белгисиз, ар бир тарап өз алдынча чечет.