Ошентип митингдин бир жарым миңдей катышуучусу «Алатоо» аянтында бешинчи түндү тосушту. Бүгүнкү митинг саат ондо башталат. Анда чогулган элге алгач парламенттин түнкү чукул жыйынында түзүлгөн уюштуруу жыйыны, жаңы конституцияны кабыл алуу иштеринин башталышы тууралуу маалыматтар берилмекчи.