Эл аралык Кызыл чырым уюму касеталык бомбаларды колдонууга тыюу салууга чакырды. Уюмдун билдиришинче, 2007-жылы каcсеталык бомбаларды колдонууга тыюу сала турган глобалдык пактыны талкуулоо үчүн конференция өтөт. Ливан чатагы учурунда Израил ушундай бомбаларды Хезболлага каршы колдонгондон кийин касеталык бомбалардын айланасындагы талаш маселе күч алды.