Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 14:50

БИЙЛИКТЕ МАСЕЛЕНИ БАНДИТТИК ЖОЛ МЕНЕН ЧЕЧКЕНДЕР ОЛТУРУШАБЫ?


«Агым» гезити Акаев кадрларынын айрымдарынын өлкөдөгү окуяга ойлорун сураганда, экс-мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, бүгүн бийликте маселени саясый жол менен эмес бандиттик, криминалдык жол менен чечкенди туура көргөн адамдар олтурушканын, кокус алар ошол жолду тандаса кан төгүлүп кетиши мүмкүн экендигин, экс-минстр Кеңешбек Дүйшөбаев, тарых 2 түрдө, биринчиси фарс түрүндө, экинчиси трагедия түрүндө кайталанарын, былтыркы тарых быйыл да кайталанып атканын, экс-губернатор Накен Касиев, бүгүнкү бийликтин дараметине таң калып, жасаган осол, копол иштерине иренжиирин, өзүнө өзү ор казган мындай бийликти биринчи жолу көрүп атканын айткан.

Баса, белгилей кетчү нерсе, бул күнү эмнегедир «МСН» гезити жарыкка чыккан жок. Айрым саясатчылар кезинде Акаевди катуу сынга алуу менен калың калктан кадыр тапкан гезит Бакиев бийликке келери менен анын арыгына суу салып кетип баягыдай бобой калганын, ошондуктан бийлик оошуп жатканда кайсыл позицияда турарын биле албай жол тиктеп, башы маң болуп турганын кеп кылышууда…

Жарык көргөн «Кыргыз руху», «Слово Кыргызстана» гезиттери көбүнчө кечээки окуяларды кайталоо менен чектелишкен.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG