БИШКЕК. Бүгүн парламенттин алдына антимитингге чыккан 300дөй адамдын айрымдары депутаттар Кубат Байболов, Муратбек Мукашев жана Темир Сариевге кол салышып, аларды жулмалаганга үлгүрүштү. Үч депутаттын жансакчылары ортого түшкөндө, мушташ чыгып барып басылды.