Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

15:31 Ошто губернатор Ж. Сатыбалдиевдин ордуна К. Тезекбаевди отургузуу аракети ишке ашпай калды


Президент тарапты колдоо максатында өткөрүлгөн митинг аягында бир топ адам губернатордун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаевди губернатордун ордуна отургузуу үчүн облустук администрация имаратына чабуул коюшту. Бирок, аларды милиция тосуп, киргизбей артка кайтарды. Губернатор Жантөрө Сатыбалдиев, айрым маалымат боюнча, президент К. Бакиев менен оппозициянын ортосунда ортомчулук сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө катышып Бишкекте жүрөт. Аны Ошто оппозицияга жан тартып жатат деп сынга алган адамдар болууда. (KJ)

XS
SM
MD
LG