Маалымат каражаттарынын ишине тоскоолдуктарды жасоо, коркутуу, тартип коргоо органдары тарабынан басым жасоо фактылары кездешүүдө, деп билдирди “Журналист” коому акыркы мезгилдеги окуяларды чагылдырууга катышкан маалымат каражаттарынын ишине талдоо жүргүзүп чыгып. Коом НТС каналы 7-ноябрда электр жарыгысыз калганын, КТРдин вице президенти Бейшенбек Бекешовго “Реформа үчүн” кыймылын колдогон митингдин катышуучулары кол көтөргөнүн мисал катары келтирген. (AiT)
15:47 Мамлекеттик да, мамлекеттик да эмес маалымат каражаттары обьективдүү, балансташкан маалымат бербей жатышат