Депутат Азимбек Бекназаровдун айтымында, Президент К. Бакиев Конституциянын жаңы редакциясына авторлош болууну каалайт жана Өкмөт курамын бекитүү, жергиликтүү сотторду дайындоо укугун өзүнө алгысы келет. Оппозиция тарап бул шарттарга макул, бирок президент өкмөттү парламент курап бүткөндөн кийин гана бекитсин деп жатат. Депутаттын айтымында, макулдашуу комиссиясы иштеп чыккан Конституциянын жаңы редакциясын парламент бүгүн эле кабыл алышы керек. (KCh)
16:05 Президент Конституциянын жаңы редакциясына кол коердон мурда бир катар шарттарын билдирди