Телекомпаниянын кыргыз редакциясынын редактору Турат Бектеновдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, кечээ кечки сегиздерде Бишкектин чеке белиндеги телемунарага 15 чакты белгисиз адамдар таш ыргытышып, «Пирамиданын» жаагын айрыйбыз деп, кыйкырып турушкан. Ал эми «Пирамиданын» Оштогу бөлүмү кечээ электр кубатысыз калды. Түштүк борбордогу бул бөлүм Бишкектеги оппозиция митингин көрсөтүп турган.