Жогорку Кеңеш кечээ түнкү 12ге чукул «Конституциянын жаңы редакциясы жөнүндөгү» мыйзам долбоорун кабыл алды. Айрым депутаттар жаңы конституцияны кабыл алуу менен президент да, парламент да, эл да утту деген пикирлерин айтышууда. Жаңы конституция боюнча бардык бийлик бутактары азыркы мөөнөттөрүнүн аягына чейин иштей беришмекчи.