БИШКЕК. Ушул сааттарда "Алатоо" аянтында "Реформа үчүн" кыймылдын митинги жүрүп жатат. Ал мындан жарым саат мурда башталды. Буга чейин А.Атамбаев, М.Мукашев, О.Текебаев сөз сүйлөштү. Алар саат 13.00тө Конституциянын жаңы редакциясына кол коюлганын маалымдашып, чогулгандарды ушул олуттуу окуя менен куттукташты.