Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

ЫРЧЫЛАР ДАГЫ ЭКИ ЖЭЭКТЕ


Кечээ 8-ноябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын белгилүү ырчыларынын, артисттеринин коштоосунда бир эле убакта эки митинг болуп өттү. Жогорку Кеңештин алдына “Реформа үчүн” кыймылына каршы антимитинг уюштургандар чогулса, борбордук аянтта оппозициялык күчтөрдүн митинги уланды. Эки жактын тең ырчылары, эл алдында ырдап чыккан тарабын колдогон сөздөрдү сүйлөштү.

Оболу, Жогорку Кеңештин алдында антимитинг өткөрүп жаткан элге концерттик программа сунушталды. Андан көп өтпөй борбордук аянтка чогулган элдин алдына да ырчылар чыга баштады.

Эки жакта тең митингдин уюштуруучулары үч-төрт адам сөз сүйлөгөн соң, ырчыларга кезек берип элди зериктирбей турушту. Чогулган адамдар бир жактын ырчысы ырдап бүтсө экинчи жакка өтүп, ээн эркин басып жүрүштү. Ал эми эл алдына чыккан ырчылар, митингди уюштургандарга тилектештигин билдирип, өздөрүнүн колдоо сөздөрүн сүйлөп жатышты.

“Реформа үчүн” кыймылынын митингине келип ырдаган Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова оппозициянын лидерлерин колдой турганын билдирди:

“Бир топ күндөн берип мына бул жерде деле эл толкуду. Ушул жердегидер деле кыргыздын балдары, кыргыздын эли. Менин жаным ачыганы, эмне үчүн биз бир жарым жылдан бери азыркы бийликтин жанагыдай шашып-бушуп, капыс жерден сценарий түзүп кыргыздарды кыргыздарга чабыштырган постановкаларына курмандык болушубуз керек. Эгерде Бакиев менен Кулов жасабаса да ошонун командасындагы ыплас жигиттер жасап атат ушуну”, деди Саламат Садыкова.

Ошол эле убакта Жогорку Кеңештин алдына чыгып антимитингди колдоп ырдаган эстрада ырчысы Салима Балтаева оппозициялык күчтөрдүн аракетине нааразы:

“Оппозициянын ушинтип баштаганына такыр макул эмесмин. Иштеп аткан президентти ордунан козгобой эле коюшпайбы, иштебей койсо бир жөн. Москва бир күндө курулган эмес, дагы эки жарым жыл чыдап турушса анан көрүнөт эле да. Алынын жетишинче кылып атат, президент деле пенде да”, деди Салима Балтаева.

Ушул эле жерде ырдап чыккан ырчы Нуриза Абазова борбордук аянтта чогулган элдин президентти кетсин деп жатканы туура эмес экендигин айтты:

“Ар бир адамга негизи бир нерсени кылып, ишин көргөзгөнгө мүмкүнчүлүк бериш керек. Бир жарым жыл деген бул өтө кичинекей эле мөөнөт. Жок дегенде үч жылдын ичинде жыйынтык көрүнөт эле да.”

Жаштар арасында “Ди-джейка" аттуу ыры менен таанымал жаш ырчы Улан Тата оппозицияны накта патриоттор деп эсептегени үчүн “Реформа үчүн” кыймылынын митингине келгенин билдирди:

“Оппозиция дегенди мен тескерисинче позиция деп айтар элем да. Анткени мен Бабановго окшогон депутаттардын сөздөрүн угуп чынында ыйлагым келди да. Ал жигит ушунчалык ачык айтып атат, керек болсо өлүп берем, депчи. Бул жерде кыргыздын намысын коргой турган жигиттер турушат”, деди Улан Тата.

Белгилүү ырчы Гүлнур Сатылганова да четте калбай өлкө башчысын колдоп, Жогорку Кеңештин алдына келип өнөрүн тартуулады:

“Биринчиден, элчи менен ырчыга өлүм жок дейт. Биз элдик кишилербиз, бирок, ар бир адамдын өзүнүн оюн айтканга акысы бар. Мисалы, менин оюм - биз президентти өзүбүз шайлап алгандан кийин беш жылдык мөөнөтүн өзү иштеп бүтүрсүн да”.

Ал эми манасчы Ырысбай Исаковдун айтымында ырчы деген эч качан эл алдына чыгып алып, тигил же бул тарапты колдоп ырдабашы керек:

“Ырчы деген эл суранган жерде ырдайт, бул туура көрүнүш. Болгону алар сүйлөп атышпайбы - "мен тигини колдойм, муну коргойм", дешип. Ушинтип айтпай эле эл суранып аткандан кийин элдин көңүлүн ачып ырдай беришсин. Мен өзүм бул жерге бирөөнү колдоп же коргоп келген жокмун. Суранып калышты, анан эл суранып аткан жерде айтылбаган "Манас" кай жерде айтылат”, дейт Ырысбай Исаков.

Айрым адамдар ырчылардын мындай сөздөрдү айтып, эл алдына чыккандарынан улам эл көңүлүн ача турган шайыр адамдар да эки жаат болуп бөлүнүп калды дешүүдө.

Илим Жанузаков, Бишкек
XS
SM
MD
LG