ЕККУга төрагалык кылган Бельгия тышкы иштер министри Карел Де Гухт конституциялык реформа маселесинде президент Курманбек Бакиев менен оппозиция тил табышканын кубаттап, эми тараптар мындан ары болгон аракетин маанилүү маселелерди чечүүгө жумшаарына үмүт артаарын билдирди. Ошол эле учурда Брюсселдеги Эл аралык кризистик топ Кыргызстандагы кырдаал али толук турукташа электигин айтып, Орусия менен АКШны, Европа Биримдигин, БУУну жана ЕККУну талаштуу маселелерди чечүү жолдорун иштеп чыгууда кыргыз бийлигине көмөк көрсөтүүгө чакырды.