Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:10

ДЕПУТАТТАРДЫН ҮНДӨРҮ АНЫКТАЛСА ЖООПКО ТАРТЫЛАБЫ?


«Бишкек таймс» гезитинин кабарчысы менен маегинде Улуттук коопсуздук кызматы төрагасынын орунбасары Элмурза Сатыбалдиев, Ф.Кулов тарабынан парламентке таркатылып берилген чуулгандуу үнжазма окуясы тууралуу сөз кылган. Ал азырынча эчкимге кылмыш иши козголо электигин, айрымдар үн атайын тыңшагыч аппарат менен жазылды деп чыгышканын, бирок андай эместигин, депутаттардын үнү кадимки эле диктофон менен жазылып алынганын, Кулов аны кайтарып алуу үчүн кат жолдогонун, бирок антип кат жолдогонго ар кимдин укугу барын, бирок тергөө жүрүп жаткандыгын, Алматыга экспертизага жөнөтүлө электигин, эгер андагы үндөр аныкталчу болсо ар бири жоопко тартыларын айткан.

«Апта» гезити болуп өткөн митингде ураандар да, митингдеги ооздон от бүрккөн сөздөр да, өнөрпоз ырчылар да эки жээкке бөлүнгөнүн сүрөттөрү менен тизмелеп чыкты. Маселен, Бакиев менен Куловду колдоп, ди-жейлер Элмара Турсуналиева, Салтанат Саматова, ырчылар Бек Борбиев, Гүлнур Сатылганова, Токтобүбү Черикчиева, Апаз Жайнаков, Каныкей Эралиева, Расул Маматкулов, куудулдар Абдылда, Рахман,Тынар жана башкалар жүрүшсө, «Реформа үчүн» кыймылын колдоп, Саламат Садыкова, Майрам Дүйшекеева, Күмөндөр Абылов, Бермет Байкелова, Жамила Муратова, Алина Жетигенова, Султан Каримов, Асылбек Өзүбеков, Динара Акулова, Гүлнара Тойгонбаева,Токтобек Асаналиев, манасчы Рысбай, комузчу Нурак Абдракманов,Сапар, Назми, Дина, Элмирбек баштаган «Айтыш» коомунун төкмө ырчылары ж.б. жүрүштү дейт.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев «Кыргыз туусу» гезитине берген маегинде, оппозициядагылар митинг өткөрүү жагына келгенде саясый деңгээлинин төмөндүгүн көргөзгөнүн, себеби аларды колдоп 5-10 миң киши чыкса, бийликти колдоп 10-15 миң киши чыкканын далил тартат. Белгилүү публицист Чоюн Өмүралиев, Түндүк-Түштүк эли бирдей утулганын, эки тараптын бир дагы Кыргыз Республикасынын зылнегизи болгон Жер жана башка стратегиялык багыттагы тармактардын тагдыры жөнүндө лам деп ооз ачпаганына жанын кейиткен.

Көп жылдардан бери Феликс Куловдун таламын талашып келаткан «Лица» гезитинин баш редактору Бермет Букашева айымдан акыркы окуялардан кийин Куловго болгон көз карашын сураганда, «Агым» аркылуу ал, бүгүн Куловду түшүнүү өтө эле кыйын экендигин, бул адамдын жандүйнөсүндө кара менен актын кармашы жүрүп жаткансып сезилерин, бүгүн ал Бакиевге жандили менен кызмат кылып атканына да ишене албасын, Кулов деген керек болсо өзү үчүн жанын берген Үсөн Кудайбергеновду да сатып кеткенин айткан. Гезит мындан тышкары айрым саясатчылардын жаңы Башмыйзмга ойлорун сураган. Депутат Исках Масалиев президентке беш жолу барып суй жыгылып жатып, ар бир сөзүнө дейре талашканын, саясатчы Бегиш Ааматов, «Агым» гезитине ырахматын айтарын, ал бүт Кыргызстанды ойготконун, «Реформа үчүн» кыймылы штабынын координатору Өмүрбек Абдракманов, кырдаал оң эле болорун, бийликтин тең салмактуулугун аныктап, өкмөт курамын түзүп алган соң, иш алдыга жыларын, ал эми доктор Кубанычбек Апас Россиялык саясатчылар Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен кыргыз элинин кул эместигине эми чындап көздөрү жеткенин, бирок доктор Апас президент болмоюн кыргыз эли оңолбосун айткан.



Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG