Грузия президенти Михаил Саакашвили кечээ күнү коргоо министри Ираклий Окруашвилини экономикалык өнүгүү министри кылып дайындады. "Начарлап бараткан экономиканы көтөрүү максатында биз премьер-министр жана башка өкмөт мүчөлөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп, экономика министри кылып биздин эң мыкты уюштуруучубуз Ираклий Окруашвилини дайындоону чечтик", - деди президент. Мурда финансы полициясын жетектеген Давид Кезерашвили болсо коргоо министри болуп дайындалды, ал эми мурда экономикалык өнүгүү министри болгон Ираклий Чоговадзе мындан ары мамлекетик мунай жана газ корпорациясын жетектейт.