Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Алты жылга эркинен ажыратылууга кесилген башка бир өзбек журналисти бошотулду


5-октябрда райондук сот тарабынан алты жылга эркинен ажыратылган өзбек журналисти Улугбек Хайдаровду Жизак шаардык соту 7-ноябрда актады. Хайдаровдун айтымында, абакта жаткан учурунда ал өтө арыктап кетти: "Мен өтө азып кеттим. Кыска убакыттын ичинде мен 12 килограмм жоготтум. Эртең мененки бештен тартып кечки онго чейин бизди милдеттүү түрдө машыгуу жасата беришти", - дейт Хайдаров. Анын айтымында, эс алып алгандан кийин ал өзүнүн журналисттик ишин улантат. Байкоочулардын пикиринде, Хайдаровдун бошотулганына Ташкен менен Европа Биримдиги ортосунда азыр өтүп жаткан сүйлөшүүлөр таасир кылды. Журналист Анжиян окуялары менен байланыштуу камакка алынган.

XS
SM
MD
LG