Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Косово автономиясынын маселеси эмдиги жылы чечилмей болду


Бириккен Улуттардын атайын өкүлү Маарти Ахтисаари кечээ күнү билдиргенге караганда, Сербиянын курамына кирген Косово автономиясынын келечегин чечүү маселеси - 21-январга белгиленген Сербиядагы парламенттик шайлоо өткөндөн кийин каралат. Мурда кабыл алынган чечимге ылайык, автономиянын тагдыры үстүбүздөгү жылдын аягына чейин чечилиш керек болчу. Жакында Сербияда референдум аркылуу жаңы конституция кабыл алынды жана Косово анда Сербиянын ажырагыс бөлүгү деп жазылган. Косовонун премьер-министри Агим Чеку 9-ноябрда билдиргенге караганда, эл аралык коомчулук кечиксе алар өздөрү автономияны эгемендүү мамлекет деп жарыялайт.

XS
SM
MD
LG