"Ал-Каида" террордук уюмунун Ирактагы жетекчиси кечээ күнү Интернет аркылуу чыгып сүйлөп, АКШдагы шайлоодо Республикалык партия утулганын ал кубаттаганын билдирди. Абу Хамза ал-Мухажирдин айтымында, анын кол алдында азыр Иракта 12 миңге жакын лашкер бар. Ирактагы америкалык аскерий жетекчиликтин айтымында, кечээ күнү эки АКШ аскери курман болду жана Иракта ноябрда өлгөн аскерлердин саны жыйырма төрткө жетти.