Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Орусиянын Эл аралык соода уюмуна кошулуу жолунда дагы бир тоскоолдук жок болду


Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Герман Греф 11-ноябрда билдиргенге караганда, Орусиянын Эл аралык соода уюмуна мүчө болуп кошулушу жөнүндө Вашингтон менен Маскөө макулдашты. Акыркы чечим - эмки аптада Вьетнамда өтө турган Азия-Тынч океан бийик жолугушуусунда президенттер Жорж Буш менен Владимир Путин жолукканда кабыл алынат. Уюмга азыр дүйнөнүн 149 мамлекети мүчө, ар бир жаңы мамлекет ар бир мүчө өлкө менен сүйлөшүү өткөрүп чыгыш керек. Маскөө эми Грузия, Молдова жана Шри-Ланканын макулдугун алууга тийиш. Шериктештиктин ичинен уюмга биринчи болуп Кыргызстан кошулган.

XS
SM
MD
LG