Дооронбек Садырбаев бүгүнкү сессияда премьер министр Феликс Куловго ишеним көрсөтпөө тууралуу маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштады. Мындай демилгени депутат буга чейин октябрь айынын экинчи жарымында көтөргөн. Депутат Феликс Куловду кызматтан кетирүүгө тогуз пункттан турган негиздеме бар дейт жана анын оюнда «реформачылар» койгон талаптарга тиешеси жок.