Конституциянын жаңы редакциясы аркылуу бийлик менен оппозиция бийликти тең бөлүшүп алды. Баш мыйзам бийлик болжогондой 20-30 жыл иштегенге кудуретсиз. Мындай пикирин бүгүнкү сессияда Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев билдирди. Анын көз карашында, жаңы баш мыйзамды кабыл алууда мунаса комиссиясы депутаттардын беренелер боюнча талкуулоо сунушун эске албай койду. Депутат бул үчүн комиссия башчысы, төрага Марат Султановду күнөөлөдү.