Өкмөттүн жаңы курамы түзүлмөйүнчө Кыргызстандын келерки жыл үчүн бюджетин түзүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев билдирди. Ошондуктан, депутат он күндүн ичинде өкмөттүн жаңы түзүмүн даярдоону премьер-министрге тапшырууну сессияга сунуш кылды.