Европабиримдиги, Еврокеңеш жана ЕККУ 12-ноябрда Түштүк Осетияда өткөн референдумду жана шайлоону колдошкон жок. Еврошаркетке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери кечээ Брюсселдеги жолугушууда ушундай билдирүү жасашты. Анда Грузиядан көз карандысыз болуу үчүн Түштүк Осетияда өткөн референдум жана президенттик шайлоо грузин-түштүкосетин чатагын жөнгө салууда жардам бербейт деп айтылат.