Жалалабат жана Ош облустарына 24 саат бою орусиялык ОРТ жана РТР сыналгынын берүүлөрү менен өзүнүн коммерциялык мүнөздөгү жарнамаларын таркатып келген “Сентябрь” телеканалы оппозициянын Бишкектеги митинги башталаар күнү токтогон. Бул телекомпания октябрь айында уюштурулган. Анын деректири Асылбек Текебаевдин айтымында, 2-ноябрга караган түнү телеканалдын күзөтчүлөрүн белгисиз адамдар белгисиз заттар менен ууландырып, кароолчулар уктап калганда сыналгынын жабдууларын тоноп талкалап кетишкен. Бул тууралуу жетекчилик укук коргоо уюмдарына кайрылган эмес. Мындай маалыматтан областтык бийликтин кабары да жок. (YA)
17:16 Жалалабатта көз каранды эмес “Сентябрь“ телеканалы тоноого алынып, элге чыкпай турат