Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

15:40 Жалалабат: “Ата Мекен” партиясы каралоону токтотууну талап кылууда


“Ата Мекен” партиясынын 15-ноябрда болгон областтык уюмунун жыйынында баш мыйзамдын иштебей, реформалар жүрбөй аксап атканына, бийлик тарабынан Ө. Текебаевди каралоо, депутаттыктан чакыртып алуу, соттоо аракеттери уюштурулуп жатканына нааразылык айтылды. Ошондуктан жыйында баш мыйзам тез арада гезитке жарыялансын, оппозициянын лидерлерине кысым көрсөтүү жана Ө.Текебаевди каралоо токтотулсун, КТР коомдук телерадиокомпания болуп түзүлсүн, бийлик органдары ишмердигин жаңы Конституциянын талабына ылайык уюштурсун деген талаптар кабыл алынды. Бул талаптар аткарылбаса,”Ата Мекен” партиясы саясий акцияларды баштай турганын жарыя кылды. Областтык бийликтин өкүлдөрү өз кезегинде депутат О. Текебаевди чакыртып алуу демилгеси шайлоочулардын өздөрүнүн эрки менен менен болуп аткан иш деп билдиришти. (YA)

XS
SM
MD
LG