Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

ЭКОНОМИКАГА ТУРУКСУЗ САЯСИЙ КЫРДААЛ КЕДЕРГИ БОЛУУДА


Кыргызстандын экономикасында быйылкы жылы өнүгүү болгон жок деп айтылды бүгүн кыргыз өкмөтүнүн тогуз айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча кеңейтилген жыйынында. Ички дүң продукция бир жыл мурда президент белгилеген 8% өсүшкө жеткен жок. Өкмөт башчы Феликс Кулов муну өлкөдө саясий стабилдүүлүктүн жок болуп жаткандыгы менен байланыштырды.

Премьер-министр Феликс Куловдун айтымында Кыргызстандын жарандары үчүн митинг, пикет ж.б. массалык нааразылык акциялары көнүмүш көрүнүш болгону менен эң ириде булар чет элдик инвесторлорду кооптондуруп жатат:

-Биз стабилдүү деп санайбыз. Бирок башка өлкөлөрдүн эксперттеринин баасы боюнча, биз кооптуу өлкөлөрдүн катарында турабыз. Бул деген эл аралык инвесторлорго таасирин тийгизип, алар бизге келгенден чочулап турушат.

Премьер-министр өкмөттүн алдына коюлган тапшырмалар жай аткарылып жаткандыгын да мойнуна алды. Куловдун айтуусунда кийинки жылы экономиканы көзгө көрүнүктүү деңгээлде көтөрүүгө азыртан коюлуп жаткан тапшырма жана талаптар түрткү болмокчу.

Ички дүң продукциянын жыл башында президент белгилеген 8% жетпей калышы өлкөдө экономикалык өсүш болбогондугун билдирет. Бул тууралуу 1-вице премьер министр Данияр Үсөнов билдирди.

-Жыл аякташына болгону эки ай гана калды. Болжол менен ички дүң продукция жыл аягына чейин 5,5% өсүшү мүмкүн. Демек, биз жыл башында президент белгилеген 8% өсүштү ишке ашыра албайбыз. 5% өсүү деген—өлкөдө быйылкы жылы өнүгүү болгон жок деген сөз.


Данияр Үсөнов кандай болгон күндө да жыл аягына чейин президенттин тапшырмасын аткаруу зарылдыгын өкмөт мүчөлөрүнө эскертип, эки жуманын ичинде эки айлык иш пландарын түзүүнү тапшырды.

Быйылкы жылы Кыргызстан тышка товар экспорттоо жагы боюнча мактана алышы мүмкүн. Экспорт жашылча-жемиш, тери, цемент, электр энергиясы сатылышы менен өткөн жылга караганда 18% өскөн. Ошол эле учурда импорт 51,4% түздү. Быйылкы жылы импорттун өсүшүнө салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр: айрым чарбалык иштерге багытталган товарлардан кошумча нарк салыгын алып салуу негизги өбөлгө болгон.

Өлкөнүн экономикасын аксатып, артка тартып жаткан тармактар катары тоо-кен, анын ичинде көмүр казып алуу, энергетика, курулуш, алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана айыл чарба тармактары аталды. Бишкек шаарын жылытуу үчүн гана ТЭЦке Казакстандан көмүр сатып алуу үчүн 20-25 млн доллар кетет. Бул акчаны Кыргызстандагы көмүр кендерин иштетүүгө салуудан өлкө алда канча утмак деди биринчи вице-премьер министр. Ал эми каржы жана экономика министри Акылбек Жапаровдун маалыматы боюнча, “Электр станциялары” АК үстүбүздөгү жылы тогуз айда 49 млн сом салык төккөн. Бул аталган ишкананын 2001-жылы төлөгөн салыгынан беш эсеге аз болуп жаткандыгын белгилеген министр энергетика тармагын тез арада реформалоону сунуштады. Бүгүнкү күндө энергетика тармагы элден 2,5 млрд сом аласасын өндүрө албай келүүдө.

Ал эми алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү тармагы да эң чыгашалуу тармак болууда. Каржы министринин айтымында учурда сатылып жаткан алкоголдук ичимдиктердин 94% контрабандалык жол менен апкелинген жана көмүскөдө жасалган:

-Бул күлкү келерлик нерсе да: арак чыгарып, бирок чыгашалуу тармак болуп атканы. Буга чейин мунун баарына атайын эле көз жумулуп келген. Эми мындан ары көздү чоң ачып эле, ачык айтыш керек. Бул деген эң чоң бизнес, ал өкмөттүн көзөмөлүндө болуп, өкмөткө пайда бериш керек,-дейт Акылбек Жапаров.


Замира Кожобаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG