Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

АКЧА САМАН, БИРОК ДА КРЕДИТТИН ҮСТӨК ПАЙЫЗЫ ЖОГОРУ


Кыргызстандын коммерциялык банктарында сакталган акчалар жылдан-жылга көбөйүп баратат. Анткен менен банктар кредитинин үстөк пайызы кыйла эле жогору. Бул жагдай чакан жана орто бизнестин ыкчам өнүгүшүнө чоң салакасын тийгизүүдө.

Улуттук банктын төрагасы Марат Алапаевдин айтуусунда, быйылкы жылдын он айында андай акчанын эсеби 20 миллиард сомдон ашты. Өсүш 33% жакын көрсөткүчтү түздү. Акчанын арбып кетишинин себебин Кыргызстандын башкы банкири доллардын куну кача баштагандыгы, чет жерде иштеп жаткан кыргызстандыктардын бул жерде калган жакындарына жыл сайын 300 миллион ашуун доллар өлчөмүндө акча жөнөтүп жаткандыгы менен түшүндүрөт. Айтса, алдагыдай акча банк аркылуу которулган каражаттын эсебинен куралганы гана.

- Көрүнүп тургандай, бул жерде инвестициянын жанданышына негизги капиталдын өсүшү, курулуштун көбөйүшү, кыймылсыз мүлккө инвестиция жумшоонун көбөйүшү жана башка факторлор акчанын жүгүртүүгө арбын чыгарылышын шарттады,- дейт Марат Алапаев.

Камсыздандыруу, пенсия фонддору каржылык жагынан кыйла эле каржалып турган чакта оңор эмес акчанын коммерциялык банктарда топтолушу кредит саясатына олуттуу дегидей өзгөрүү алып келиши керек эле. Адистердин айтымында, карыз акча алуучулардын арбындыгынан коммерциялык банктар азырынча кредитке берилген акчанын үстөк пайызын кескин төмөндөтпөй келатышат. Бул жагдай чакан жана орто бизнестин оожалышына өз салакасын ийгизбей койбойт. Бишкектик Үсөн эгер үстөк пайызы төмөн болсо коммерциялык банктардан коркпой-үркпөй эле кредитке акча алып турмак.

- Ооба, ушул кредиттин үстөк пайызы чоң болгондон коркуп, акча алалбай турабыз. Эгер үстөк пайызы азыраак болсо алмакпыз.

Ишкердикти баштоого бел байлаган Тилек үч жылдык мөөнөткө коммерциялык банктан 17 пайыз жылдык үстөгү менен 50 000 сом кредитке акча алган. Үч жылдан кийин ал банкка баш-аягы 71 миң сом акча кайтарып бермекчи.

Кыргызстандагы коммерциялык банктардын кредит куржуну жыл санап чоңоюп баратканы менен, анын үстөк пайызынын анчалык азайбай жатышынын бир себебин айрым адистер банктардын ичара келишип алуусуна байланыштуу түшүндүрөт. Бирок да мындай пикир менен Улуттук банктын төрагасы Марат Алапаев макул эмес. Анын ырасташынча, коммерциялык банктардын ортосундагы чоң атаандаштык ичара, жең ичинен макулдашууга мүмкүндүк бербейт.

Өзүн Алмакан деп тааныштырган бишкектик айым коммерциялык банктардын кредити чет өлкөлөрдөн келген акчалардын эсебинен түзүлөт. Ошон үчүн анын үстөк пайызын төмөндөтүүнү өкмөт өзү жөнгө салып коюшу керек деген пикирде.

- Кредиттер Эларалык валюта кору, Дүйнөлүк банк, чет өлкөдөн келет да. Бирок да биздин баягы эле өкмөт, биздин система, алынган акчаны элге коммерциялык баа менен сатат. Менимче, муну биздин система, өкмөт эле жасап жатат.

Бирок да, адистердин айтуусунда, азыркыдай жагдайды базар экономикасын алдыга сүрөп турган атаандаштык гана кескин өзгөртүп, баарын жай – жайына коюшу ыктымал.

Сүрөттө: Улуттук банктын төрагасы Марат Алапаев.

Бекташ Шамшиев, Бишкек

XS
SM
MD
LG