«Алас» гезити Бакиев мойнуна «кылыч» такаттырып атып жаңы Башмыйзамга кол койгонун, ал кандай ишке ашары белгисиздигин, айрымдар анын алешемдигин, логикалык карама каршылыктары көп экенин айта башташканын, жаңы Башмыйзам айрыкча Ф.Куловго жакпаганын, анткени Бакиев кылычын чаптырып алып эми аны ара жолго таштап коерун, ошентип жаңы Башмыйзамда кыргыз өкмөтүнүн тагдыры бычак мизинде турганын жазды.
Бирок, дейт гезит, бүгүн эки тарапта тең той, бири-бийлигинде аман калганын тойлоп атса, бири-бийликтен аман калганын тойлоп атат… Жаңы Башмыйзамдын кемчилигин депутат К.Байболов, системанын өзгөрүүсүз калганынан көрүп, өкмөттүн бир органга баш ийсин деген талабы орундалбай, эми ал эки эри бар катынга окшоп турганын айтса, министр Ж.Рустенбеков, Башмыйзам ага аябай жакканын, эми ал мурдагыдай парламенттин эшигин сагалабай, президентке гана кирип-чыгып турарын, Жогорку Кеңешке экинчи жолобосун, окутуучу Б.Бөкөшев, Башмыйзамда мамлекеттик бийлик органдарынын, саясый партиялардын жана мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилиги камтылбаганын, демек мындан улам, мамлекеттик башкаруунун натыйжасы камсыз болбосун, коомдук ишмер Р.Отунбаева, бул компромисстин, консенсустун мыйзамы болгонун, система өзгөргөнүн, эми мурдагыдай бир киши бийлик кыла албай калганын айтышкан.
«Айкын» гезити антимитингке катыштырганы «Жаңы Кыргызстан» деген партия алыскы Баткенден апкелип, төө кыядан өткөн соң Бишкекке таштап койгон Сайдагүл Ысманова менен Турдугүл Абдибаитованын арыз-муңун баскан. Сайдагүл айым, азыр 800 сомдон чыгарып бара бергиле, ал жактан барыш-келиш акчаңарды Акүйдөн төлөп беришет дешкенинен келгенин, үкасы, күйөөсү 1-топтогу майып экенин, эми же Акүй «абещат» кылган акчадан жок, же Баткенден жок минтип «талаада» калганын, мындан ары бул бийликке да ишенбей калганын саймедиреткен. Гезит мындан тышкары азыр абакта олтурган Нурлан Мотуев менен аңгеме-дүкөн курган, өткөндөгү күндөрүн эскерген Мотуев, 2005-жылдын 23-мартында Үсөн Сыдыковдун «Смольныйында» («Дан азыктар» имараты) Акаевга каршы аттанган радикалдар чогулганын, ошол жерден аны Бакиев тааный калып, төрдө олтурган ордунан улуу башын кичик кылып, туруп келип, өбүшүп учурашканын, азыр андан да көңүлү калып турганын, бийлик ал иштеп аткан кезде Кара- Кечеден корупция жасай албай калып аны түрмөгө олтургузганын, маселе оң жагына чечилбесе өзү отурган жайга Бакиевдерди башы менен ала жатарын жаны ачып сөз кылат.
«Лица» гезити Жогорку Кеңештин төрагасы М.Султанов менен маек курат. Жаңы Башмыйзамдын кабыл алынышында эки тарапка көпүрө болууда мамлекеттик катчы А.Мадумаров менен биринчи вице-премьер министр Д.Үсөнов чоң роль ойногонун, анткени Акүйдүн калган-каткан чиниовниктерине караганда бул экөөнүн сөзү Бакиевге өзгөчө өтүмдүү болду дейт ЖК төрагасы.Ушул эле гезиттеги маегинде белгилүү укук коргоочу Р.Дырылдаев күч органдарын жакшы билген адам катары,мындай бир далилин ортого тартат, тактап айтканда Түркүядан полицейлик кесип алып келген кыргыздын 12 жигитин Кыргызстандын ички иштер министрлиги ишке албай койгонун, органдын тиешелүү кызматкерлери алардан ишке орноштуруу үчүн акча талап кылышканын, акырында Мекениндеги мындай жоруктан көңүлдөрү калган жигиттер Америкага кетип калышканын, милийса тармагы да бузулуп, алдым-жуттум менен машташкан тармакка айланып калганын, анын ушундай абалга жетүүсүнө Суталиновдордун улуусунун да салымы аз эместигин белгилеген укук коргоочу Р.Дырылдаев
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ