Бул жөнүндө «Ата Мекен» партиясы бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. Бийлик тараптын тапшырмасы менен бюджеттик мекемелердин жетекчилери «Реформа үчүн» кыймылына каршы уюштурулган митингдерге кызматтан бошотуу жана окуудан чыгаруу жөнүндө коркутуп үркүтүүлөр менен студенттерди, мугалимдерди айдап чыгышкан. «Ата Мекен» партиясы атуулдардын тынч митинг өткөрүү укуктарын ишке ашырууга бийлик жасаган тоскоолдук коомдун табигый өнүгүү процессинде терс ролду ойногонун белгилейт.