Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

КЫТАЙДА ЖАСАЛГАН ПИРАТТЫК ТОВАРЛАР БАТЫШТЫН «КАПЧЫГЫН КАГУУДА»


Евробиримдик жергиликтүү өндүрүштү коргоо үчүн октябрь айында Кытайда жасалган бут кийимдерге кошумча тариф киргизди жана Бээжинди эларалык соода эрежелерине ылайык иш жүргүздүрүүгө аракет кылууда. Бул чараларды Кытай атаандаштыкка чыдабай жасалган протекционизм деп четке кагууда. Европалыктар америкалыктар сыяктуу эле Кытай өкмөтү түп нускасынан уруксатсыз көчүрүп жасалган пираттык товарларга каршы күрөшүүсүн жана ички базарын кенен ачуусун каалайт. Бирок, Кытайдын ылдам өсүп бараткан экономикасы оңой менен тартипке келчүдөй эмес.

Кытай товарлары Батышты каптап барат. Натыйжада өз ара соодада Кытай үстөмдүк кылууда. Былтыр Евробримдикке мүчө 25 өлкөгө Кытай 133 миллиард долларга көп товар сатты. Ал эми АКШнын Кытай менен болгон соода балансы 200 миллиард долларга жетти.

Евробримдик Кытайда автобустан тартып, аз санда тигилчү модалуу кийимдерге чейин түп нускасынан уруксатсыз көчүрүлүп жасалып, тышкы базарга нака товар ирети сатылганына нааразы.

Кошмо Штаттарын Кытайда фильмдерди, музыканы, компьютердик программаларды пираттык жол менен жасоо кеңири жайылганы тынчсыздандырат.Фильмдерди уурдап көчүрүүдөн кытайлык кинокомпаниялар да зыян тартып жатканына, интеллектуалдык дөөлөттү коргоо зарылчылыгына Евробиримдиктин соода комиссары Питер Мендельсон 8-ноябрда Бээжинде болгон кезде көңүл бурду:

- Кытай интеллектуалдык менчикти коргоо менен Европага эле жакшылык кылып жаткан жок. Бул Кытайдагы инновациянын жана өндүрүштүн болочок ийгилигинин шарты.

Батышта ырасмий Бээжиндин пираттык өндүрүшкө көз жумуп койуусун экономикалык экспанцияны кандай гана жол менен болбосун ишке ашыруу деп баалашат.

Акыркы жылдары Кытай товарлары, өзгөчө, бут кийимдер Евробримдиктин базарына жайылып чыкты. ЕБ улуттук өндүрүштү коргоо жана жумуш орундарын сактоо максатында былтыр жайкысын бир нече күнгө Кытайда келген токума кийимдерди өткөрбөй, октябрда Кытай бут кийимдерин өздүк наркынан арзан сатууда деп, алардын тарифин шашылыш жогорулатты. Бээжин бул чараларды эркин атаандаштыкка чыдабай жасалган протекционизм саясаты деп, четке какты.

Питер Мендельсон Бээжинде айтканга караганда, Батыш Кытай өнүгүп бараткан өлкө статусуна жамынып, дүйнөдөгү ири экспортер өлкөгө айланганы калган. Ошондуктан, Батыш Кытай өнүккөн өлкөлөрдөн “бөлөк лигада” ойнобой, Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү катары эларалык соода системасын кеңейтүүдө көч башында жүрүшүн каалайт.

Тышкы соодадагы ийгилик Кытайдын валюта корунун өсүшүнө чоң салым кошууда. 6-ноябрда өлкөнүн валюта кору 1 миллиард долларга жеткени, саатына анын көлөмү 30 миллион долларга өсүп баратканы ырасмий түрдө маалымдалды.

Валюта кору боюнча дүйнөдө Кытайга эми эч бир өлкө тең келе албайт.


Амирбек Усманов, Прага

XS
SM
MD
LG