НАТО уюмга мүчө өлкөлөрдүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу маселесине көбүрөөк көңүл бурушу керек. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер Румыния президенти Траян Басеску менен Бухарестте болгон жолугушууда билдирди. Схеффердин айтымында, бул маселе 28-29-ноябрда болчу НАТОнун саммитинде талкууланат.